Телефон менен башкарылган чай кайнатуучу аппарат жасалды

Кыргызстандык 18 жаштагы Дамирбек Аширбек уулу электр энергиясын үнөмдөп, чай кайнатуучу аппарат жасап чыкты.

Ал уюлдук телефон аркылуу башкарылып, коңгуроо келгенде автоматтык түрдө иштей баштайт. 1 литр суу 15 мүнөткө жетпеген убакытта кайнап, даяр болот. Кургак чайды салып, кайнаган сууну куюп да олтурбайт, баары автоматтык түрдө даярдалат.

Аппарат үчүн ток өткөргүчтөр, желим бөтөлкө, 12 вольттук чакан трансформатор, суу насос, термоклей, мештин айрым жабдыктары сыяктуу буюмдар керектелген. Кызыгы, телефон шыңгыраганда аппарат иштей баштайт. Аппараттын алдындагы процессор сигналды токко айландырып, меш иштеп баштайт, ал эми суу ийилүүчү түтүк аркылуу чайнекке куюлат.

Дамир кичинекей кезинен эле ойлоп табуучулукка кызыгат. Алгач ал робот оюнчугун жасап, кыймылга келтирген. 8 жашынан бери түрдүү буюмдарды жасап келаткан Дамирдин эмгектери бүгүнкү күндө 20га жетти. Апасы Зарипа Каримованын айтымында, баласынын бул өнөргө кызыгуусу күч. Бирок көпчүлүк учурда керектүү тетиктерди  сатып берүүгө капчыктары жукалык кылат. Ошондон улам өнөрү чектелип жатат дейт.

Дамирбек андан башка акылдуу электр эсептегич, үнөмдөөчү трансформаторлордун да чакан макеттерин жасаган. Учурда үйүндө сакталып турган ал аппаратын экинчи жолу жасаган. Алдыда 30-50 литр сууну тез кайнатуучу аппаратты жасап чыгуу аракетин көрүүдө.

Булак: Ca-irnews.com