Текебаев менен Бекназаровдон колдоо таппаган Турсунбек Акун АКШга учмай болду

Негизи Турсунбек Акун жок болсо, саясаттын тузу кем болуп калчудай. Жоктон барды таап, шуулдап, жүрбөгөн жери жок. Ошондой адаты менен Турсунбек мырза Өмүрбек Текебаевге барып:

--Өмүке, президенттик шайлоого чыгасыңбы?-дейт.

--Көрөбүз, дагы убакыт бар,-дейт Текебаев.

--Ай, сенин шайың жок окшойт. Мени эле колдобойсуңбу? Мен президенттикке аттанганымды жарыялап салбадымбы...

“Ата Мекендин” лидери мыйыгынан жылмайып, сөздү башка нукка буруп кетет. Андан соң Т.Акун түз эле Азимбек Бекназаровго жетет да:

--Азике, ахвал кандай? Мен президенттик шайлоого чыгып атпайымбы, колдойсуңбу?-дейт.

--Биз жакында мекенчил күчтөрдү чогултуп атабыз. Партия, уюм, кыймылдардын баарын бириктирип, февралда Курултай өткөрөбүз. Ошондо биз мекенчил саясатчыны хан тактыга алып чыгабыз. Туке, сени колдой албайм го,-дейт Бекназаров.

Мында дагы Тукенин маанайы түшпөстөн, бизге 15-январда АКШга бара турганын, ал жактан Кыргызстандагы адам укуктары боюнча сөз сүйлөп, андан соң Москванын Госдумасына учуп келип, депутаттар менен жолугушкандан кийин Россиянын башка шаарларын кыдырып, укугу бузулган мигранттардын ахвалы менен таанышмакчы. Ошентип, кыйла турненин кыйырына чыкканда соң, кайра Кыргызстанга кайтып келмекчи.

Asianews.kg