Таштемир Айтбаев өзүнө карата айтылып аткан “өрдөктөргө” таңгалды

Айтылуу айбаты катуу атайын кызматты 2 ирет жетектеген генерал-лейтенант, ИИМдин экс-жетекчиси Таштемир Айтбаев аксакал тууралуу соңку күндөрү президенттикке талпынган Ахматбек Келдибековдун түндүк региондору боюнча штабын жетектей турганы боюнча кабарлар маалымат сайттарында желдей тарап кеткен. Маселенин аныгын билүү үчүн Таштемир аксакалдын өзү менен байланышканыбызда, генерал-лейтенант мындай маалыматтардан кабарсыз экени, өзүнө байланышкан “өрдөктөрдү” учуруп жаткандарга таңгалганын билдирди. 74 жаштын кырына келген Таштемир аксакал сакалдуу куракка келгенде саясый күрөштөргө башын салып, жанына эмне күч келиптир?