СДПКнын рупору болчу потенциалы бар Абдыманап Кутушев

Жакшы адам жөнүндө сөз
Өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын экс-депутаты, парламенттин аппаратынын азыркы жетекчиси Абдыманап Орозбаевич Кутушев 50гө чыкты. Өлкөдө саясий баталиялар кызып, экинчи жагынан баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жакындап келе жаткандыктан, ал киши тууралуу жазууну бир аз жылдырып турууну туура көргөм. Көңүлүңдө бир идея пайда болсо, ал топуракка ташталган үрөндөй өзүнөн-өзү өнүп, тамырлай баштагандай эле, ал идея да жетилип, тынчыңды ала берет экен. Эгерде анын сени гана эмес, башкаларды да кызыктыргыдай, бирөөлөргө сабак болгудай мааниси болсо, аны азыраак кечиксе да сөзсүз айтуу керек эмеспи. Болбосо "убагында айтылбаган сөз карып", "айтылбаган сөз-жок сөз" болуп калат. Чын эле көңүлүңдө көптөн бери жашап келаткан сөз эмне үчүн жок сөз болуп калышы керек?
Мына ушундай ойлордон кийин ушул бейне сүртүм макаланы жазууну чечтим.

Атасы чапкан жол менен...
Абдыманап Орозбаевичтин турмуш жолуна, инсандык бейнесине саресеп салган жан адегенде эле андагы кандайдыр бир ырааттуулукту, пакизалыкты байкайт. Ал анын үй-бүлөсүнөн, тарбиясынан башталат. Ал он бир бир туугандын бешинчиси. Атасы эмгек жолун мугалимдиктен баштап, мектептин директору, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген өз аймагындагы кадырлуу адамдардан болуптур. Өзү айылдык актив болсо да, балдарын чарбанын сезондук иштеринен корочолобой, чөбүнө да, пахта теримге да жиберип, үйдө да тиричилик иштерди жасатып, тартиптерин бекем кармап, мээнеткеч адамдардан кылып тарбиялап чоңойтот. Бирок ошол эле учурда келечекти көрө, ага өзүнүн утурумдук кызыкчылыктарын багындыра билген, альтруисттик сезимдери күчтүү ата экендигин да далилдейт.
Ошол убактарда айылдык кеңеш айыл чарба продукцияларын тапшыруунун тапшырмасын ашыра аткарса, ага сыйлык катарында жеңил автоунааны кезексиз сатып алууга уруксат берген шарт болгон экен. Бир жылдын жыйынтыгы менен райкомдун бюросунан Орозбай абабызга да кезексиз жеңил машина сатып алууга уруксат берүү жөнүндө чечим чыгат. Бирок ал "Мен машина алгандан көрө, ага кеткен акчага балдарымды окутамын" - деп андан баш тартат. Ал тууган-туушкандарынан карызга акча чогултуп, машинаны алып, кайра андан кымбатка башка бирөөлөргө сатып жиберсе деле болмок, ал убакта машина алуунун кезегин 5-10 жылдап күтүшкөн, бирок ал андай кызыл кулактыкка да барбайт. Ал ошентип жүрүп балдарынын баарын тең жогорку билимдүү кылат.

"Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дегендей, атасындагы андай пакизалык, бир нерсени алдыга максат кылып койгондон кийин ага жетмейинче тыным албаган аракетчилдик, эмгекчилдик Абдыманап Орозбаевичке да оошуптур. Ал мектепте окууда гана эмес, коомдук тапшырмаларды аткарууда, чөп чаап, чөмөлө кылуу, пахта терүү сыяктуу сезондук иштерде, а түгүл чүкө, жамба, чики, мак дегендей оюндарда да мыктылардын катарында болот. Убактысы күндүз окуу, оюндар, мал-келди кароо менен өтсө, түндөсү ал үйдөгүлөрү жаткыча электрдин, ал эми бир туугандары уктаганда жууркандын ичинде фонариктин жарыгында китеп окуу менен өтөт. Ал 1988-жылы К. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун айыл чарбасын механизациялоо факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, инженердик кесипке ээ болоору менен ал жерге окутуучу болуп калтырылат. Эгерде андан кийинки жылдардагы саясий, социалдык кескин өзгөрүүлөр болбогондо, ал адегенде кандидаттыгын, андан соң докторлугун жактап, кесипкөй илимпоз окутуучуга айланып, айыл-чарба, экономика жаатындагы чыгаан окумуштуулардан болмок. Бирок заман башка болуп, инфляция асмандап, алган айлыгы эч нерсеге жетпегендигинен, 1992-жылы жекече ишкердик кылганга өтөт. Адегенде алып-сатуу коммерциясын кылып жүрүп тиричилигин оңдойт, анан фармацевт жубайы экөө дары-дармектер менен шугулданганга киришет, кийин инилери менен биргеликте Кыргызстанда биринчи болуп форель чарбасын уюштурат... Бирок кандай иштер менен алектенбесин, республикабыздагы саясий, экономикалык процесстерге дыкат саресеп салып, мурдагыдай эле тынбай окуп изденип жүрөт. Же кылган иши ишкердик болгон менен жан дүйнөсү коомдогу процесстерге, саясий турмушка дайыма үңүлө караган изилдөөчү-аналитик бойдон калгандыгын кийинки окуялар көрсөттү.

Кимди болсо да өз аргументине ишендирет
Бизде адамдар саясий партияларга ар кандай максаттар менен келишет: биринин максаты - эптеп депутат болуу, экинчиси-бирөөлөрдүн көңүлүн кыя албай кошулган. Эмнеге киргендигин өзү жакшы билбегендер, толук аңдап түшүнбөгөндөр да жок эмес. Ток этерин айтканда, саясий, идеологиялык себептер менен партияларда жүргөндөр өтө аз.
Абдыманап Орозбаевич 2012-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп шайланганда анын ким экендигин эч ким билбесе, ал эл алдына чыгып, телеберүүлөрдө сүйлөп, интервьюларын, макалаларын жарыялай баштаганда эле көрүүчүлөр, окурмандар бу кишинин ойлору көп жылдардан бери бышып жетилгендигин, билими терең, дүйнөтаанымы кеңдигин, көз карашы, саясий позициясы боюнча социал-демократтык нукта экендигин түшүнүшкөн. Ал депутат болуп жүргөндө эч качан курч суроолордон, журналисттерден, дебаттардан каччу эмес. Дайыма берилген суроолорго, коюлган маселелерге аргументтештирип, ынанымдуу жооп берчү. Анын айткандарында, жазгандарында окурмандарды кызыктырып, ойлондургудай сөзсүз оригиналдуу жаңыча көз караштар, идеялар болбой койчу эмес. Дин, маданият, ыйман, парламентаризм, ЕвразЭС, келечек сыяктуу маселелер тууралуу сөз козгосо да, анын булар ж.б.д.у.с. жөнүндө көп окуп, көп ойлонуп, акыл таразасына салып, ой чабытында көп калчай тургандыгы анын ар бир сөзүнөн байкалып турчу. Ошондуктан анын көз караштарына макул эместер да аргументтерине тан беришип, позициясын сыйлаша турган. Ошондон улам "бу адамдын КСДПнын рупору болгудай потенциалы бар экен" деген сөздөр айтылып калчу. Чындыгында эле ал фракциянын социал-демократиялык идеологиясын, философиясын терең түшүнүп, аларды жан дүйнөсүнүн сыдыргысынан кайра-кайра өткөрүп, өзүнөн да жаңы нерселерди кошуп, жөнөкөй адамдарга жеткиликтүү тилде түшүндүрүп бере ала турган эсептелүү мүчөлөрүнүн бири эле. Менинтерең ишенимимде, Абдыманап Орозбаевичтей партиянын идеологиясын, философиясын терең түшүнгөн, ага берилген жана ишенген адамдар партиянын курамында канчалык көп болсо, партиянын өзөгү ошончолук бекем, аброй-баркы ошончолук жогору, саясий майдандагы жолу узак болмок. Анткени партиянын сапаты, өзөгү эң ириде анын курамындагыларга байланыштуу эмеспи...

Эрезеге жеткен чак
Мамлекеттик кызматтарга аралашканга чейин Абдыманап Орозбаевич бир туугандары менен ишкердик кылышып, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында эле буттарына турушкан. Бизнесте шүгүрчүлүк дегидей ийгиликтерге жетишти, бирок артынан көөп кетти, тигиге асылды, буга тийишти, муну сөктү, кемсинтти, аны алам деп жүрөт, минтем деди, антем деди, мунун мынабусун, тигинин анысын тартып алды дегендей бир да жаман сөз ээрчибеди. Бул анын инсандык өзөгүнүн бекемдигин, ыйманынын бүтүндүгүн, ынсабынын топуктугун, тазалыгын гана айгинелейт. Билишибизче, анын бир туугандарынын да бул жагынан пайдубалдары бекем.
Ырас, акыркы жылда Абдыманап Орозбаевич теледен көрүнбөй, гезиттерге чыкпай калды. Анын жүйөлүү себеби бар. Ал бир жылдай убакыттан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп иштөөдө. Анын азыркы кызматы саясатка баш-оту менен аралашканга жол бербейт, күндөлүк маселелерди комментариялап сороктой бергенге да болбойт. Бирок анын жан дүйнөсү мурдагыдай эле саясатта, коомдук процесстерде, өзү идеологиясына берилген КСДП партиясында. Мен буга ал кишинин өзү менен жолугуп, баарлашып, масилеттешип калган учурларда байкап, ынанып жүрөм. Ал партиянын бүгүнүнө, эртеңине эч качан кайдигер боло албайт, партияга чындап күйөт. Болбосо партиянын катарында "бүгүн ушул партияда болсом, эртең дагы бир партиясы тургандыр…" деген утурумдук принцип менен жүргөндөр жетишээрлик экени эч кимге деле жашыруун эмес. Абдыманап мырза учуру келгенде саясатка кайрылып келет. Бирок азырынча парламенттин чоң чарбасы менен алектенип, аппараттын ишин сааттын механизмдериндей так уюштуруп, каражаттарды, материалдык ресурстарды үнөмдөө менен алек. Бул багытта чоң ийгиликтерге жетишип жатканын ошол эле Жогорку Кеңештин аппаратында иштегендер сөз кылып жүрүшөт.
Мурда элүү жашты - эр ортосу дешчү. Азыр Корчубек Акназаров, Мамбет Мамакеев, Мухтар Нургазиев сыяктуу могикандар элүү жашты - жаштыктын аягы, баш катып, чындап акыл киргендин башталышы деп жүрүшөт. Мен макаламды аяктап жатып, бар болуңуз, Абдыманап Орозбаевич, кутман курак 50 жашыңыз кут болсун, жараткан сизге дагы ушунча жаш кошуп, чаалыкпас дем-кубат берсин дегим келет.

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: Фабула