Продюсерлер сүйлөйт

Ар бир баланын ата-энеси ар дайым эскере жүрчү бир унутулгус кылыгы болот. Анын сыңары, ырчыларды сахнага алып чыгып, сахнадагы атасы же энеси болуп калган продюсерлер да азыркы белгилүүлөрдүн ырчылыкка жаңыдан аралашкан кездерин унутушпайт. Ал кезди эстеген продюсерлердин баары бир жылмайып алып төмөнкү жоопторду кайтарышты.

 

Канат Кадыржан: “Дайыр менен Нурланды мен чыгарган балдар экенине кээде ишенбей кетем”

– Дайыр Исмадияровду мага 2006-жылы достору “биздин таланттуу досубуз бар” деп сунушташкан. Ал кезде менин продюсерлик тажрыйбам жок болчу. Андыктан продюсер эмес, менеджер катары иштеп көрөйүн, ишти алып кеткенден кийин продюсер болом деп иштешип баштадык. Ишибиз жылып, мен Дайырдын продюсери болдум. Дайыр бала кыял, эртерээк атактуу болууга талпынган, “жылдыз болсом, менден эл кол тамга алса...” деген жигит болчу. Интернет булактарында “үнү жок” деген сыяктуу пикирлерди жазгандар болор эле. Ошого арданып: “Болду, ырдабайм”, - дечү. Мен: “Ушунча баштагандан кийин артка кайтпа, ар кандай сөздөр боло берет. Вокалдан сабак ал”, - деп бир нече жолу токтотуп калгам. Дайыр менден бир жаш улуу, кээде продюсерлик кылып аны урушуп алып, кайра уялып кетчүмүн, бирок ал мени укчу. Таарынчаактыгы болгону менен кек сактабай, бат жазылчу. Нурлан Насип болсо 2007-жылы белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобековдун сунушу менен келген. Экөө эки ай иштешкен соң Тынчтык байкенин убактысы болбой калыптыр. Дайыр менен иштешип бир аз тажрыйбалуу болуп калганга макул болгом. Анын комуз, аккордеон ойногонду билгени да жаккан. Алгач эле аны сыноо максатында: “Дайырга ыр жазып кел”, - дедим, ал “Кара көз” аттуу ырды жазып келген. Дайыр ошол ыры менен 90 пайыз тааныла алды. Нурлан келген маалда Дайыр таанылып, теле-радиолорго чыгып калганга ага бийик көрүнчү. Андыктан: “Дайыр Исмадияровдой ырчы кылыңыз”, - деп, ошондой ырчы болууну, Кайрат Нуртас менен бирге концерт берүүнү кыялданчу. Эсимде, биринчи жолу “Дордой” базарынан 4 миң сомго жинсы шым алып берсем, “мен 4 миң сомдук шым киемби?” - деп абдан таң калган. Азыр Нурлан "Кайрат менен концерт берсем" деген кыялына жетип, Дайырды басып өттү. Аларды карап туруп “мен чыгарган балдарбы?” деп кээде ишенбей кетем.

 

 

 

Дана Абдыбекова: “Сапар бир да жолу каяша сүйлөп көңүлүмдү калтырган эмес”

– Сапар Эркебаев экөөбүз беш жарым жыл иштештик. 2006-жылы мен КТРКда иштеп жүргөндө Артык экөө келип “продюсер болуп бербейсизби?” деп сунушташкан. Сапар ал учурда 18 жаштагы кичинекей бала болчу. Ошондуктанбы, мен аны жакшы көрүп, мамилебиз эне-баладай эле. Сапарды эркелетип, аяп турчумун. Гастролго дайыма таңга маал кетчү элек. Артисттердин баарын чогултуп алып, эң акырында анын үйүнө келчүбүз, ал абдан уйкучу болчу. Биз келип ойготкондо жашыл пледин оронуп алып чыкчу. Мен автоунаанын акыркы төрт орундугун Сапарга калтырып койчумун. Ал унаага кирип эле баягы орундугуна жатып уйкусун улантчу. Гастролго кайда баратабыз, канча күнгө баратабыз, иши жок болчу. Аларды 2-3 сааттан кийин ойгонуп алып сурап, мен даярдап барган тамагын жечү. Анын сырткы келбети менен көп иштедим. Келбети үчүн пластикалык операция жасатканга чейин барганбыз. Ал “стадион толо эл кылып чет өлкөлүк ырчылардыкындай концерт берсем” деп кыялданчу, ошол кыялына жетпей калды ойшойт. Канча акча түшүп атканы менен деле иши жок болчу. Гонорарын берсем, “жөн эле койбойсузбу?” - дей берчү. Экөөбүз алты жыл иштедик, бир да жолу каяша сүйлөп көңүлүмдү калтырган жок.

 

Динара Эсенгулова: “Султан берешен, Кайрат аракетчил болчу”

 

– Султан Садыралиев экөөбүз 2006-жылдын жаз айларында бир концертте чогуу болуп калдык. Ал ошол жерден: “Продюсер болуңузчу”, - деп суранып экөөбүз иштешип калганбыз. Султан кичинесинен ырдап, чоң концерттерге катышып такшалып калган бала экен. Ал жөнөкөй, ак көңүл, колу ачык болчу. Студент болгондуктан башында акчасы жок кыйынчылыкта жүрдү. Бирок кайыр сураган адам болсо жеп келаткан тамагын кармата салчу. Ийгилик адам баласынын жүрөгүнө жараша берилет деп ойлойм, жүрөгү таза болгондуктан жакшы нерселерге жетишти. Кайрат Примбердиевди Султан ээрчитип келип: “Эже, классташым болот, жакшы ырдайт, жакшы бала, ырдын сөзүн да, обонун да жаза алат”, - деп сунуш кылган. Кайратты ырдатып көрүп башкаларга окшобогон, Кыргызстанда жок өзгөчө тембри бар, диапазону жакшы экенин байкагам. Адамдык сапаты да мыкты эле. Экөөбүз 2006-жылы иштешип баштадык. Ошол кезде эле көбүнчө чет өлкөнүн ырларын ырдап алдыга умтулуп турчу. Башка ырчыларга караганда Кайраттын жолу кыйын болгон. Мисалы, ийгилик бат келип, оңой чыгып кеткендер көп нерсени түшүнбөй калышат, ал эми Кайрат көп жылдар бою жылдызы жана албай түйшүктү арбын тартты, көп нерсени түшүндү. Анын абдан таланттуу экенине карабай мен деле аны чыгара албадым. Анткени көрүүчүлөрдүн кабыл алуусу жагынан көйгөй жаралган. Бирок Кайрат сынып калбай, аракет кылып эмгектене берди. Эми минтип татаал жолдун аягы жеңиш менен уланып жатат.

 

Асыл Апасова: “Акча, сөз, атактуулук Мирбекти да өзгөрттү”

– Мирбек Иманбеков экөөбүз бир айылдан болгонубуз менен мен аны таанычу эмесмин. Анткени ал төрөлгөн жылы мен  айылдан кетиптирмин. 2006-жылы КТРКга кирип баратсам кичинекей кара бала келип учурашып: “Ырчы болом деп телеге чыга албай жүрөм, жардам бериңиз”, - деп калды. Экөөбүз сүйлөшүп, мен ага продюсер болууга макул болдум. Мирбектин эң көйгөйлүү жери бети болчу, эки күндүн биринде косметологго алып барып тазалатып турчумун. Филармонияда болгон концертке алгач ирет чыгарда жаңы шым менен футболка, бут кийим сатып келгем. Кийип алып улактай секирип кубанганы азыркыга чейин эсимде. Бат эле популярдуу болуп, жүз күн дегенде жеке концертин бердик. Абдан уйкучу эле, кечинде концерттен келип жатса, эртеси кечинде болчу концертке араң ойготчубуз. Үчүнчү концертинен кийин ортобузду кара мышык аралап кетти. Мирбек экөөбүз бир канча убакыт байланышпай калганбыз, ошол убакта үйлөнүп алыптыр. Бирок кайра табышканыбызда мага айткан эмес, анан бирөөдөн угуп калып, өзүнөн чын экенин билген соң нес болуп калгам. Акча, сөз, атактуулук адамды бир заматта өзгөртөт экен да, Мирбек да өзгөрдү. Ал учурда Мирбектер 20 жаштарда эле болчу, жаштык да кылышты окшойт.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди.kg