Нуржигит Кадырбеков, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы:  "Ар бир адам бул өлкөнүн адебин көтөрүү менин ишим деген сезимди жүрөгүнө бекем туйбаса иш алга жылбайт"

Президенттин жарлыгы менен 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланды. Өлкө башчысынын бул жарлыгы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынууда. Бул багытта "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков "Марал" радиосуна маек куруптур. Аталган маекти сунуш кылабыз.

- Негизи былтыр "Тарых жана маданият жылы" деп белгиленгени маалым. Быйыл анын логикалык уландысы болуп жатат десек болчудай. Бул жылы маданият дегени көбүрөөк адамдык сыпатка жакыныраак экен. Сиздин оюңузча, эмне себептен ушул тармактарга мынча маани берилип жатат? 
- Адам үч багытта өнүгүш керек. Интеллектуалдык, физикалык жана руханий жактан. Адам баласы жөн эле башы кара, буту айры болуп, жерде жүргөн макулук эмес. Ушул ааламдын жоопкерчилигин алган эң бир акылдуу, ак сезимдүү инсан. Ошон үчүн инсандын руханий потенциалын өнүктүрүү бул маанилүү нерсе. А руханий потенциал деген эмне? Ал жакшы жүрүм-турум, тарбия, адептүүлүк, өз ара жакшы мамиле, ынтымак, береке, достук. Ошондуктан мындай аталыш өтө маанилүү болду. Өткөн жылы маданият опера, балет, театр, кино дегенден ары көтөрүлө албай койду. Эми ушул аталыштын берекети менен президенттин саясий философиясы, бизге көрсөткөн багыты аркылуу ырааттуу иш алып барып көп нерсеге жетишсек болот. Адамдын айбанаттан негизги айырмасы ушул. Акылдуу пил, дельфин бар. Бирок ыймандуу эшек, адептүү тоок деген болбойт.
- Өкмөткө бул жылды өткөрүүгө атайын программа иштеп чыгуу тапшырмасы берилбедиби? Кандай жагдайларга басым жасалышы керек? 
- Адамды тарбиялоо. Азыр байкасак, динчилдер эшиктерди каккылап, саясатчылар үгүт ишин жүргүзүп, ишкерлер бизде мындай акция жүрүп жатат деген сыяктуу иштер менен бардыгы элди аралап жүрүшөт. Бир гана интеллигенция элди аралабай жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгып коюп, тегерек столдорго келип пикирин билдирип коюп, биз элге кызмат кылып жатабыз дегени туура эмес. Ошондуктан, быйыл интеллектуалдык даават болсо абдан жакшы болмок. Мисалы, өткөндө бир чоң жазуучудан акыркы жолу Казарман же Ат-Башыдагы окурмандарыңыз менен качан жолуктуңуз эле деп сурадым. Ал болсо, "Мен Оксфорд, Кембриджде жолуккам. Ал эми Казарманга бара элекмин" - деди. Көйгөйдүн баары мына ушунда. Экинчиден, президент же өкмөт кылыш керек дегенден качсак. Ар бирибиз жашоодо устат жана шакиртпиз. Ар бир адам бул өлкөнүн адебин көтөрүш менин ишим деген сезимди жүрөгүнө бекем туйбаса иш алга жылбайт. Биз батыштан технология, илим жана башка көп жагынан артта турабыз. Качан өзүбүздүн автоунаа, телефондорубузду чыгарып, кыргыз космодромунан качан асманга учаарыбызды билбейм. Бирок бүгүн эле түкүрбөй койсок, көрүнгөн жерге таштанды таштабай, китеп окуу жагынан алдыга чыксак болот. Бул реалдуу кыял деп айтат элем.
- Аткаруу механизми да бизде аксап турат. Ошол эле учурда иш-чараларга коомчулуктун катышуусун жакшыртууга кандай шарттарды түзүш керек. Себеби көпчүлүк учурда расмий маалымат үчүн өткөрүлгөн иш-чараларга күбө болуп келебиз. 
- Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Жогорудан программа түзүп алып аны ылдый жөнөтсөң анын аткарылышы кыйын. Демилге ылдыйдан болушу керек. Эми президент 2017-жылды "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыялады. Эми эл өкмөттү карабай өзүнө жоопкерчиликти алышы абзел.
Чынымды айтайынчы, азыр көчөдө адепсиздик болуп жатса барып бетине айткан аксакалды көрө элекмин. Мисалы парктардагы айрым кыз-жигиттердин кылыктарын билебиз. Андан тышкары таштанды ыргыткандар, сөгүнгөндөр, мушташкандар, өздөрүн алып жүргөндөрдүн иштери айдан ачык. Мына ошолорду бетке айталы деген акция кылсак, анан токтотуп коёлу деген акцияларды өткөрсөк, бир топ оңолобуз. Анан бийликтин эмне жасайт дегенин карап олтурсак бул дагы көп жылдардын бири болуп калат.

Булак: Фабула