Нуржаасын Жумагулов, актер:  "Шекспирдин мекенине барып эне тилимди жаңыртып келгениме сыймыктанам"

Тарыхый тасмаларда роль жаратууну каалаган жаштардын арбын болуп бара жаткандыгы албетте кубандырбай койбойт. Учурда эстрада ырчыларынын клиптеринде, акыркы тартылган тасмаларда, жарнамалык роликтерде бир топ роль жаратып элдин калың катмарына таанынылып келе жаткан жаш актер Нуржаасын Жумагуловду кепке тарттык. 

- Нуржаасын, сени эл назарына алып чыккан алгачкы тасма? 

- Эң алгачкы тартылган тасма Назима Жолдубаеванын "Жаз жамгыры" чыгармасынын негизинде тартылган "Миң бир түн" тасмасы. Экинчиси Сүйүн Откеев агабыз тарткан "Мегатой" тасмасы. "Мегатойдун" артынан көп ийгиликтер ээрчип келди десем жаңылышпайм. 

- Атактуу болуу бала кездеги кыялың болсо керек? 

- Кичине кезимде эле эл алдына чыгып, көпчүлүккө таанымал инсан болууну кыялданчумун. Бала чагымдан кино дүйнөсү мени өзүнө арбап турчу. Өзгөчө кыргыздын кайталангыс таланттуу актеру Сүймөнкул Чокморовдун жараткан ролдорунан таасир алчумун. Бара-бара балалык кыялымды ишке ашырууну пландай баштадым. Тилегим орундалып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин "Театр жана кино" факультетинин "Режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасын аяктадым. Учурда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында иштеп жатам. Балалык кыялдарымдын орундалып жаткандыгы мага чоң бакыт тартуулайт.

- Бакыт тууралуу сөз козгоп калдың, бакытты тоголок келет. Тоголонуп келген нерсени учурунда кармап калыш керек дешет. Буга кандай карайсың? 

- Талыкпай эмгектенсең бакыт да, ага кошулуп баары келет деп ойлойм. "Темирди ысыгында чап" демекчи, ар бир нерсени өз убагында пайдаланып калыш керек. Ансыз да убакыт тар, өмүр кыска.

- Алгачкы чет жакка чыккан иш сапарың, андагы ийгиликтер жөнүндө айта кетсең? 

- Чыгырмачылыкта биринчи иш сапарым Султан Раевдин "Суфлер" чыгармасы менен улуу Британиянын борбору Лондон шаарында өткөн Эл аралык фестивалга катышып келгеним.Иш сапарыбыз байсалдуу болуп, "Мыкты спектакль" наамын алдык. Айымданрадын ролун эң мыкты ойногону үчүн Назира Мамбетова эжебиз сыйланды. Театрдын арты менен эң алгачкы иш сапарым ийгиликтин коштоосунда болду.Шекспирдин мекенине барып, кыргыз тилин жаныртып келгениме сыймыктанам. 

- Жашоодо принцип менен жашагандардын катарын толуктайсыңбы? 

- Алдыма принцип коюп алып жашагандардын эмесмин. Болгону ар бир нерсенин өз убактысы, мезгили болоорун жакшы билем. Ар нерсени өз учурунда кармап, өз убагында барктай билгенде гана жашоо өз нугунан бузулбаса керек. Турмушта да, чыгармачылыкта да ийгилик көп жолу жылмая бербейт. Бир келген ийгиликти колдон чыгарбоо менин негизги максаттарымдын бири.

Бетти даярдаган Нуркыз Рыскул кызы

Булак: Фабула