Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти: «20-30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Бек Борбиевди 3-4 жыл мурда ырдап чыккан Юлия Руцкая менен салыштырганга болбойт да»

2016-жыл тарых жана маданият жылы болгондуктан президент көптөгөн маданият ишмерлерине наамдарды тапшырды. Азыр эмне маселе болсо биринчи кезекте социалдык тармак аркылуу талкууга алынат эмеспи, наамдар тууралуу да кызык талкуулар болду, болуп атат. “Татыктуу адамдарга берилбей калды” деп ичи ачышкандар да, Гүлжигит Калыков, Юлия Руцкая сыяктуу жаш ырчылардын наам алышына каршы пикир жазгандар да арбын. Элди мынчалык дүрбөткөн сыйлыктар кандай негизде берилет, эмне пайдасы бар, кызыгып көрдүк.

- Эмнеге наам ала албай келесиз?

Гүлнара Кахарова: “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деп чакырышса уялып кетем”

- Биринчиден, чындыгында өзүм наам алайын деп чуркаган жокмун. Бир да документ тапшырбадым. Анткени документ тапшырып, бирок албай калып жүрөгү ооруп, ырдан жок же наамдан жок жүргөндөрдү көрүп ошолордун катарын толуктабайын дейм. Ѳткөндө биринчи жолу наам берилгенде мага да наамдар бөлүмүнөн чалышып «тез арада документтериңиз керек болуп атат» дешти, мен ал учурда Ошто болгондуктан телефон аркылуу эле баарын айтып бергем. Бирок наам берилгенде унчугушкан жок. Менин оюмча, элдин сыйлыгынан өткөн сыйлык жок. Сыйлык мен үчүн өтө деле маанилүү эмес. Дос, тууган-уруктар эле «эмнеге сыйлык албайсың?» деп чоң тема кылып, күйүп-бышып калышат. Күйөөмө «сен эле алып берип койбойсуңбу?» деп урушуп да ийишет. Ал: «Быйыл арзандатуу болуп атыптыр, кымбаттаганда алабыз», - деп тамашалап калат. Мурда татыксыздар алса ичим ачышкансып калчу, азыр көңүл деле бурбайм. Мага деле «мынча акча берсең баатыр эне кылабыз, наам беребиз» деп кайрылгандар болгон, сатып алгым келбейт. Күйөөм да: «Балдарыңды туура тарбияласаң, ошол сыйлыгың болот», - деп көндүрүп койду. Мени наам алган деп ойлошот окшойт, кайда барбайын, “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деп чакырышат, уялып кетем. Кечээ чыккандар наам алып башташкандан кийин «мейли, айта беришсинчи» деп калдым. Эмгек сиңириш үчүн өкмөттүн документи эмес, элдин колдоосу керек.

Исирадин Аманбаев: «Ѳзүңдүн эмгегиңди сатып алгандан уяласың»

- Мен “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамын 2000-жылы алгам, сурантпай эле алып келип беришкен. «КРнын эл артисти» наамына болсо андан бери 16 жыл ичинде документимди эки жолу тапшырып көрдүм. Маданият министринин алдында коллегия мүчөлөрү бар, ошолордон өтпөй калган имиш. Мен таң калып, коллегияда кимдер барына кызыксам, өзүбүздүн эле тааныш, бирге жүргөн эле адамдар экен. Алар тандаганда жашыруун добуш менен тандашат экен, ошондуктан өзүлөрү билгенине таштай беришип, жыйынтыгында Исирадин Аманбаев өтпөй, анын ырын ырдап жүргөндөр өтүп кетет экен. “Тааныш-билиш, акча да роль ойнойт” деп угуп калам, бирок өзүңдүн эмгегиңди сатып алгандан уяласың да, Кудайга деле жакпаган иш. Ошондой эле наам алыш үчүн Ак менен “көк” үйдө таанышың болушу керек экен. Бул маселе абдан маанилүү, анан чыр маселе болуп жатат. Мисалы, композиторлор менен акындар жаратуучулар да, ошолордун ырларын жаңы чыгып аткан ырчылар тим эле өзүнүн ырындай кылып коркпой ырдайт. Авторлордун атын болсо такыр аташпайт. Ушунун баары аз келгенсип ошол ырлар менен сыйлык алып атса, авторлор үчүн нааразы болуп, өкүнө турчу эле нерсе. Ушундай нааразычылыктан көрө наамдарды жоюп эле салса болмок.

- Наам алуучулар кандай негизде тандалат?

Матисаков Каныбек, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын референти: «Комиссиянын курамында кимдер бар экени жашыруун»

- Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча комиссия бар. Ал он эки адамдан турат, андан сырткары төрагасы жана жооптуу катчысы бар. Комиссиянын курамында кимдер бар экени айтылбайт, ал жашыруун. Мамлекеттик кызматтар жөнүндө мыйзамдын 9-беренесине ылайык, өкмөт, фракциялардын комитеттери, конституциялык палата, Жогорку сот, министрликтер, админстративдик ведомстволор, өкмөттүн облустук өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, алардын шаардык кеңештери, коомдук бирикмелер татыктуу адамдарды көрсөтүшөт. Мисалы, бизге маданият ишмерлерин Маданият министрлиги сунуштайт. Алардын деле өзүнчө комиссиясы бар, коллегияда ар бир талапкерди карап чыгып, тандап, анан бизге жиберишет. Сыйлоо материалдары комиссияга келип түшөт, комиссия Кыргыз Республикасы үчүн кандай эмгек кылды деп карап тандайт. “Тааныш-билиш, акча роль ойнойт” деген сөздүн чындыгы жок. Ошол нерселер болбосун деген үчүн комиссиядагы адамдар ачык айтылбайт да, ким тандап атканын эч ким билбейт. Алар татыктуу деген адамдарды тандап президентке сунушташат, президент да карап арасынан татыктуусун тандайт. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо - президенттин конституциялык укугу.

Наамыңыздын кандай пайдасы бар?

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти: «Наамды элге эмгек кылган, эл баалаган адамдарга берсе туура болмок»

– Наамымдын чоң статусу бар. Пайдасын айтсам, мурда мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгына, пенсиясына акча кошулчу, бирок аны да алып коюшкан турбайбы. Эми атынан башка пайдасы жок экен да. Жаңы жылдык концерттерге наамыбыз үчүн акча төлөбөй катышабыз. Бирок анда да акча төлөгөндөр алдыңкы, эл көргөн сааттарда ырдайт экен. Акча төлөбөгөн бизди кайсы убакка коюп жатышат, билбейм. Азыр наамдарды эрте, анан да татыксыздарга тапшырып жатышканы үчүн наамдардын да баркы кетип жатат. Көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан актёрлор, Куурчак театрынын артисттери, Опера-балеттин солисттери көмүскөдө калып, кечээ эле ырдап чыккандар алып жатканы туура эмес. Мисалы, 20-30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Бек Борбиевди 3-4 жыл мурда ырдап чыккан Юлия Руцкая менен салыштырганга болбойт да, бирок экөө тең Эмгек сиңирген артист болуп атпайбы. Демек, бул жерде калыстык жок. Наамды элге эмгек кылган, эл баалаган адамдарга берсе туура болмок.

Жаркын Балыкбаева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Эл артисти” наамын албай калганга капа болбойм”

– Мурда Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер персоналдык пенсияга чыгышкан, персоналдык болгондо пенсиянын суммасы көп болот. Мен да КРнын Эмгек сиңирген артисти катары ошол нерсеге илинип калгам. Тилекке каршы, азыр персоналдык пенсияны алып салышкан. Андан тышкары кесиптик ооруканада бекер дарыланабыз, болбосо ал жакка дарыланыш деле бир топ акчаны талап кылмак да. Үйдөгү коммуналдык төлөмдөргө мурда арзандатуу бар эле, Данияр Үсөнов деген неме алып таштабадыбы. Азыр наамдын аты эле калган, эч пайдасы жок. Ошондуктан мен “Эл артисти” наамын ала турган убагым болсо да аны албай калганга капа деле болбойм. Убагында Эрмек “наам алып берем” деп чуркап, министрликтен документим 100 пайыз толук кеткен, анан Ак үйдөн ала албай калдым. Көрсө, Ак үйдө таанышың болбосо, ала албайт экенсиң. Бирок азыр мени элдин баары “Эл артисти” дешет, унчукпайм. Мен наам алганыма эмес, эл сыйлаганына кубанам. Сүймөнкул Чокморов каза болорунун алдында: «Сыйлыгымдын баарын берейин, ден соолук бергилечи?» - деген экен, ошондуктан ден соолугум болушун гана тилейм.

Муратбек Бегалиев, КРнын Эл артисти: «Жалгыз персоналдык пенсия бар болчу, аны да алып коюшуптур»

– “Эл артисти”, “Эмгек сиңирген артисти” деген наамдардын аты эле бар болбосо, тыйын жагынан эч кандай пайдасы жок. Мисалы, чет мамлекетте наамы үчүн акча кошулат. Бизде айлыгыбызга эмгек стажыбызга карата гана акча кошулат. Жалгыз персоналдык пенсия бар болчу, биздин муун пенсияга чыгар убагында аны да алып коюшуптур. “Депутаттарга кайрылалы” деп атышыптыр, мен: «Кайрылып эмне кыласыңар?» - деп атам. Бизде көп жылдан бери эмгек кылып жүргөн, профессионал музыканттар унутта калып, наамды азыр эстрада менен эле обончулар алып калганы кызык болуп атат. Наамга ар ким ак эмгеги менен жетиши шарт. Эл артисттеринен бери тарбиялап жүргөн дөө-шааларга эчтеке берилбей, биздин окуу жайды жаңы эле бүткөндөр алып атышат. Студенттерибиз алып атат деп кубанганыбыз менен алардын жетимиштеги окутуучуларынын документтерин 30-40 жолу берсек да каралбай атканы өкүнүчтүү болууда.

Сыймык Бейшекеев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Биздин наамдар “аты улук, супарасы курук” дегендей»

– Бул сыйлыктын зыяны да, пайдасы да жок. Алып да, албай да чыгармачылык менен иштей берсе болот. Бирок эмгегиңе мамлекет тарабынан көңүл бурулуп сыйлык берилгени чыгармачыл адам үчүн стимул болот. Мага окшоп союз учурунда “Эмгек сиңирген артист” наамын алгандарга жарык, газ төлөмдөрү үчүн, коомдук транспортко түшүүгө жеңилдиктер болуптур, азыр алардын баары алынып, эч кандай жеңилдик жок. Болгону кесиптик ооруканадан жылына бир-эки жолу бекер медициналык кароодон өткөрүп турат. Биздин наамдар “аты улук, супарасы курук” дегендей.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди.kg