Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды.

 Маалым болгондой,  Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жарандан 50 миң сом талап кылган.

Талап кылынган сумманы алып жаткан жеринен тартип сакчы колго түштү.

 Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери  жүрүүдө.

Булак: Каганат