Мамлекеттик ишмер Абдужапар Тагаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 12-январда коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдужапар Тагаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Ал 1951-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Жыланды айылында жарык дүйнөгө келген.

1970-1975-жылдары Москвадагы байланыш электротехникалык институтунун “Автоматтык электр байланыш” факултетинде билим алган.  

1975-1977 -жылдары Фрунзе шаардык телефон тармактарында инженер, улуу инженер болуп эмгектенген. 1977-1980 гг. – Рыбачинский городской узел связи, главный инженер.

1980-1983-жылдары Фрунзе шаардык телефон тармактарынын жетекчисинин орун басары.

1983-1989 -жылдары –«Кыргызсвязьстройдо» башкы инженер.

1989-1995 -жылдары – Кыргызстандын байланыш министринин биринчи орун басары.

1995-1996-жылдары– Кыргызстандын байланыш министри.

1996-1998-жылдары – Транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары, байланыш департаментинин жетекчиси.

1998-1999 -жылдары – Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы.

1999-2000 –жылдары – Балыкчы шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы.

Абдужапар Тагаев 2004-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Республиканын байланыш тармагынын эмгек сиңирген ишмери.

Маркум үч кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Булак: Каганат