Гүлжамал: "Ынтымакта жашап келген жолдошум уулум экөөбүздү сотко берди"

Гүлжамал Жумабаева учурда адилеттик издеп, ак-караны ажыратуунун айласын таппай турат. Бүлөсү үчүн жанын аябаган аялзатынын буга чейин көргөн-билгендерин башынан баяндап, ага жооп алып берүүгө аракет кылдык.

"Эки турмушумдан тең жолум болгон жок"

– Орто мектепти аяктап, Кара-Суу районундагы Савай айылына келин болдум. Тилекке каршы, кайненем экөөбүз тил табыша албай эки жылдан соң уулумду жетелеп ата-энемдин үйүнө баса бердим. 1999-жылы жакындарым мени Кара-Суунун Лангар айылына экинчи ирет турмушка узатышты. Ал менден он жашка улуу эле. 2000-жылы Бермет, 2002-жылы Мунара аттуу кыздуу болдук. Балалуу болгонубуз менен бактылуу боло албадык. Күйөөм шаарда кыз-келиндер менен жүрүп кетти. Үйгө кааласа келет, каалабаса келбейт. Сексен жаштагы кайненем, эки кызым болуп ачка отурган күндөр болду. Ошентип, дайын-оту жок кеткен күйөөмдү зарыгып күтүп жүргөн күндөрдүн биринде шаардан бир келинге үйлөнүп алганын уктум. Бул турмушум да болбой турганына көзүм жетип эки кызымды жетелеп кетүүгө аргасыз болдум. Турмуштан көңүлүм калып, эми балдарымды гана ойлоп жашап калдым. Атам Кара-Суунун Машлак айылынан эки бөлмөлүү жер там сатып берди. Биринчи турмушумдан тапкан уулумду, экинчи турмушумдан тапкан чырактай эки кызымды жетелеп атам сатып берген үйгө көчүп бардым.

«Бактымды үчүнчү  жолу сынадым»

– Биз жашаган жер мал базарга жакын болгондуктан ал жерде иштеп балдарымды жалгыз багып баштадым. Өтпөй калган малдарды ээлери таштап кетишет. Мен кийинки базарга чейин ал малды талаага жайып, же короодо чөп салып багып акысына бир күнгө бир баш малга 30-50 сомдон алчумун. Ошол эле мал базарда Кошой аттуу киши мен сыяктуу мал бакчу. "Үч балаң бар, жашсың", - деп мага кол кабыш кылып жүрдү. Көрсө, ал аялы менен ыркы келишпей үйүнөн чыгып кетип, туугандарынын үйүндө жашап, мал базарда иштеп жан багып жүргөн экен. Бир жылдай тааныш болуп жүрүп балдарым менен тил табышып, алар да аны жакшы көрүп калышты. Бир күнү: "Мага турмушка чык", - деп сунуштады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры балдарыма ата керек деп макул болдум. Нике кыйып үйлөндүк. Бир аз убакыт өткөн соң жолдошум апасын алып келди. Ал элдин малын багуу менен катар мал алып союп сатып жатты. Атам неберелерине энчилеп берген 3-4 уй бар эле. Жолдошум да өзүнүн 3-4 уюн алып келди. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн Кудайдын берген ырыскысына шүгүр кылып күн өткөрүп жаттык. 2007-жылы көргөн уулубуз жети айга толгондо чарчап калды. 2009-жылы уулдуу болуп, атын Кудайберди койдук. Ал азыр сегиз жашта. Малыбыз көбөйүп, тиричилигибиз оңоло берди. Бирок жакшылык менен жамандык кубалашып жүрөт экен, 2010-жылдагы коогалаңда баягы жашообуз будуң-чаң болуп калды. Эки бөлмөлүү тамдан качып чыгып, ошол эле айылдагы адырда жайгашкан бирөөнүн малканасында жашап калдык.

 

"Жашообузга жарака кетти"

– Ушул кыйынчылыктардан улам акчага муктаждыгыбыз артты. Жолдошум паспортун жоготуп алгандыктан менин атыма «насыя акча алалы» деген сунуш киргизди. Ойлонуп макул болдум. Банктардан алгач 50 миң сом, 100 миң, кийинчерээк 150 миң сом насыя акча алдык. Ага мал жана 2013-жылы Портер үлгүсүндөгү унаа сатып алдык. Насыя алган акчаларга машинадан тышкары мал алып, көбөйтүп сатып отуруп Кара-Суудан эки жер тилкесин алдык. Тилекке каршы, өткөн жылдын март айында жолдошум экөөбүз пикир келишпестиктер менен ажырашып кеттик. Алгач өзү үйдөн чыгып кетип, кийин апасын да алып кетти. Анан чыр-чатактар башталды. Жолдошум жашырынып келип балдарыма энчиленген уйларды өзүнүн уйларына кошуп талаада оттоп жүргөн жеринен унаага салып кетиптир. Аны билбей малыбыз жоголду деп сарсанаа болуп канча издедик. Айлам кеткенде Мады айылдык милиция бөлүмүнө уйларым жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылдым. Бир аз өткөн соң милиция кызматкерлери уйларымды унаага жүктөп келип көрсөтүп, бирок кайтарып бербестен, кайра эле жолдошумдун туугандарына берип "уйлар сиздики эмес, жолдошуңуздуку экен" деп мени узатып коюшту. Эмне кыларымды билбей кала бердим. Жолдошумдун туугандары милицияны паралап коюшканбы, билбейм.

"Жолдошум унаа талашып, уулумду сотко берди"

– Бул чырдан соң экинчи чоң чыр башталды. Насыя акча менин атыма алынгандыктан марттан бери ай сайын сегиз миң сомдон банкка төлөп келем. Баягы Портер унаасын мурунку ээсинин атынан уулумдун атына өткөрүп алганбыз. Жолдошум жакында ошол унааны «өзүнүн атына жалган документтердин негизинде өткөрүп алды» деп биринчи турмушумдан тапкан Чынберди уулум экөөбүздүн үстүбүздөн Кара-Суу райондук сотуна арыз жазыптыр. Унааны сатып алган акчаны төлөш үчүн эки кызым таманы чор болуп талаада мал багып жүрөт. Жолдошум болсо насыяны төлөшпөй кетип калганы аз келгенсип үч уюмду тартып кетти. Эми ушул унааны талашпай койсо болмок. Анткени уулум Чынберди жогорку билимге ээ эмес. Шарттын жоктугунан аны окутуп, кесип ээси кылууга деле чамам келген эмес. Эми ушул унаанын жардамы менен бир аз да болсо акча таап бизди багар деген үмүттө жүрсөк, минтип жолдошум уулумду сотко берип отурат. Эгер жолдошума ал унаа аябай эле керек болсо, берип деле салмакмын. Бирок мен да төрт балам менен жан багышым керек. Жакында күйөөмдүн үстүнөн «уулу Кудайбердиге алимент төлөсүн» деген доо арыз менен ошол эле Кара-Суу райондук сотуна кайрылдым. «Алимент да төлөбөйм, унааны да бересиң», - деп талашканына таң калып жакамды кармап отурам. Учурда кырк алты жаштамын. Он эки жыл ынтымакта жашап келгенбиз. Мурунку турмушунан тапкан балдарыбы же инилери бузуп жатабы, айтор, азыр бир кездеги жолдошум жок. Такыр башка адам болуп чыга келди. Же мага үйлөнгөндө эле ушундай ой менен келгенби? Чогуу жашап жүргөн күндөрдө ушинтип соттошуп калабыз деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Жолдошум өзү оор басырыктуу, адамгерчиликтүү эле болчу. Кимдин сөзүнө азгырылып мени минтип оор күнгө дуушар кылып жатат? Жакында сот отуруму болот. Кара-Суу райондук сотунун cудьяларынан адилеттүү чечим күткөндөн башка аргам жок.

 

Болот Баетов, "Я и закон" юридикалык компаниясынын жетекчиси, юрист:

– Эгер унааны сатып алып жатканда нотариус уулуңуздун атына генералдык ишеним кат менен сатуу жана сатып алуу келишимин каттаса, анда жолдошуңуз унааны талаша албайт. Эгерде жолдошуңуздун колундагы документтердин жасалма экендигин билсеңиз, соттук териштирүүдө ал документтерди текшертүү үчүн экспертиза дайындоо жөнүндө сотко өтүнүч менен кайрылыңыз. Ошонун негизинде кимдин колундагы документ түп нускасы экендиги белгилүү болуп, унаа ошол адамдын менчигинде калат. Ал эми алимент маселесине келсек, жолдошуңуз балаңыздын алиментин төлөгөнгө милдеттүү. Алиментти төлөбөй жаткан болсо, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси менен кылмыш ишин козгоо үчүн арыз менен кайрылсаңыз болот. Жер тилкелери боюнча, эгерде жолдошуңуз менен мыйзамдуу нике күбөлүгү жок болсо, силердин мүлк бөлүнбөйт, башкача айтканда, мүлк кимдин менчигинде болсо, ошол адамдын менчигинде толук түрдө калат. Мал жандыктар боюнча, эгерде жогорудагы сиз айтып жаткан мал жандыктар айыл өкмөттүн чарба китебинде кимдин атына жазылган болсо, ошол адамдын менчиги болуп эсептелет. Андай болсо сиз айыл өкмөттүн чарба китебинде мал жандыктар сизге катталганын көрсөтүп, сотко малды алуу боюнча доо арыз менен кайрылсаңыз болот.

Зульфия Тургунова

Булак: Леди.kg