Динара Ошуракунова, укук коргоочу: "Биз бажы биримдигине ойлонбой кирип алдык"

Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу салды. Тагыраагы ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө зарыл болгон товарлар Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керектигин маалымдашты. Бул чечимдин биздин мамлекетке залакасы канчалык жана бул күтүүсүз чечимдин чыгышына эмне себеп болушу мүмкүн деген суроонун үстүндө сурамжылоо кылдык.

- Биз бажы биримдигине ойлонбой кирип алдык. Бажы биримдигине кирсек көмөктөшүү болот, экономикага чоң жардам болот деп биздин өкмөттүн өкүлдөрү какшап жүрүштү эле. Эми журналисттер ошолорду таап, ошолордон сурашсын - эмнеге карама-каршы окуяларды байкап отурабыз. Жеке ишкерлердин ишине канча зыян келип жатканын санайлы. Ал эми Казакстан албетте өзүнүн кызыкчылыгын сактап, өзүнүн экономикасын өнүктүргөнгө аракеттенет. Ал эми ушундай тыюу салынып жатканда биздин өкмөт биздин кызыкчылыктарды коргойбу, кантип коргойт деген суроо турат. Бажы биримдикке кирип жатканда товарлар жөнүндө келишимде эмне деп жазылды эле? Ошондо темир жол менен гана товарлар ташылат деген пункт бар беле? Эгерде бар болсо, эмнеге жеке ишкерлер ал жөнүндө ошол замат маалымат алышкан жок. Бул жерде кошунага таарынбай, өзүбүздүн өкмөтүбүздөн ББ дагы кандай талаптар коюлду эле, аларда Кыргызстандын, жеке ишкерлердин кызыкчылыгы сакталды беле? Кол койгондор ошол талаптарды канча мөөнөттүн ичинде аткарышы керек эле? Эмнеге азыр кошуна тыюу салгандыгы бизге жаңылык катары келип жатат деген суроолорду узатышыбыз керек.

Булак: Фабула