Байсалов: Келечегибизди катаал чаралар гана коргоп калат

Жаңы жылдын түнүндө “Рейна” түнкү клубуна канабайрам салган адам Кыргызстандын же башканын паспорту менен жүргөнбү - бул маанилүү эмес.

Эң маанилүүсү - ушу тапта жалган жихад түшүнүгүнө азгырылып ондогон адамдарды ойлонбой кырып, жанкечтиликке жана терроризмге кылчактабай аттанчулар биздин жарандар арасында бирин-экин эмес, жүздөп чыгарын унутпашыбыз керек. Азыркыдай бейгам жүрө берсек эртең эле биз өлкөдөгү бейпилдигибизди жана цивилизациялуу жашообузду гана эмес, мамлекетибизди да жок кылып алышыбыз оңой эле. Ушу тапта өлкөбүз коркунучтуу жагдайда, жардын кырында кылтылдап турат.

Бизде баарысы жакшы, тынч деген алдамчы түшүнүктөн арылып, терроризм бизде эмес башка бир жерде, шору каткан үчүнчү өлкөлөрдүн проблемасы деген жаңылыш ойдон кутулуп, аяк-башты жакшылап караш керек болуп калды. Террорчулук бизге да келип жетти. Канабайрамды салган жанкечти Өзбекстанданбы же Кыргызстанданбы (дагы кайталап коёюн – анын аты-жөнү маанилүү эмес, бирок Машрапов эмес экени түшүнүктүү), кайдан келсе да Сирияда согушуп, ушундай алааматты жөнжай адамдардын башына салганды үйрөнүп келген. Адистерди таң калтырганы – атылган 180 октун 35 гана сая кеткени. Канабайрам салып жатып солк этпей автоматтын окчонтоюн алмаштырып, түнкү клубдагыларды жети мүнөткө чейин атып, анан кымгууттагыларга аралашып кийимин которуп, сыртка чыгып таксиге отуруп кетип калып атпайбы. Жанкечтиге Жаңы жылдын түнүндө “Рейна” түнкү клубун атууга буйрук беришкен. Эмдигисинде андай жанкечтилер “Ала-Тоо” аянтына автоматын көтөрүп келип биздин адамдарды кыра баштасачы?! Ушундай, кадырлуу кыргызстандыктарым, эми алар бизди атышат.

Соцжелеге кирип алып атын жашырып алып үрөй учурган сөздөрдү жазчу аватарлардын айткандарын абай салып караңызчы, баары мамлекетке каршы пропаганда жүргүзүп жатышпайбы. Алар кожоюндары эмне айтса ошону кайталашат, башчылары - биздин мечиттердин минбарын ээлеп алган салафилер менен вахабилер. Мен эрикпей дагы бир ирет кирип, текшерип чыктым, белгилүү диний ишмерлердин бири да Стамбулдагы канабайрамды айыптап, ага камтамачылыгын билдирүүгө жараган жок. Бул жагынан эч кимде эки анжы ой болбош керек: алардын симпатиясы светтик Жаңы жылды майрамдап жаткан “каапырларга” кыргын салган жихадчылар тарапта.

Былтыркы август айындагы Бишкектеги Кытай элчилигин таламандын так тушунда жардырып ийүү биздин атайын кызматтарга акыркы коңгуроо болушу керек эле. Бирок да атайын кызматтардын ишинин маани-маңызын кайрадан караштырган кардиналдуу өзгөрүүлөр жасалган жок. Атайын кызматтын иш билги деңгээли тууралуу айтпай эле коёлу, антсек өткөн жылдын күзүндөгү саясий талаштарга алаксып кетчүдөйбүз. Азыр мамиле-катышты талкуулап, бири-бирибизге майда-чүйдө кине коюп отурчу убак эмес. Кыргын болуп кеткенден кийин “биз муну мурда эле эскерткенбиз” деп күнөөлүүнү издөө туура эмес. Ушул азыр коомдогу ишенимдүү жана патриоттук күчтөр биригип жалпы душманга чогуу каршы туруу керек. Душман Кыргызстанды бүгүн болбосо эртең кыйратарын, жакын арада халифат жарыялабаса да өздөрүнө каршы турчу саясий жана коомдук күчтөрдү толугу менен жок кылуу, биздин жашоо ыңгайыбызды өзгөртүүнү ачык эле жарыялаган.

Кыргыз мамлекети акыры чыгынып денесине жабышкан мителер менен илдетинен бошонушу абзел, жаштарды жолдон азгырып, бараткан багытыбызга каршы чыгып, улуттук мамлекетти түптөө жана бекемдөө аракетибизди араб чакырыктары жана биздин бабаларыбызга чоочун Вахабдын ишенимин таңуулап аткандарга каршы турушу керек.

Ошентип террорчулук биздин өлкөгө да келди. Жашоо же өлүм деген маселе айкүрүнөн коюлду. Жалаң мамлекеттин бар болушу же жок болушу эмес, баарыбыздын башыбызга түшчү мүшкүл болуп турат.

Мамлекет жетекчилиги салафизм менен такфиризм идеологиясын тоскоолсуз жайылтууну, аларды апачык колдоону токтотуп, “Кайда баратабыз?” дискуссиясын улантышы керек. Баарыбызды “халифатка” зордоп алып барып жашаткысы келген, Кыргызстан мыйзамдарын танган, көнүмүш жашоо ыңгайыбызды жок кыларын ачык эле жарыя кылган, аз илгерээк дурусураак чүмбөткө деле жамынбай адырайып ачыкка чыгып, экстремизм идеологиясынын туусун көкөлөткөндөргө каршы турган жергиликтүү бийликтерге, айрыкча мектеп менен университеттерге колдоо көрсөтүшү абзел.

Террорчулукка каршы күрөш күн сайын жергиликтүү жамааттарда, мектептерде, саясий турмуштун бардык деңгээлдеринде такай жүргүзүлүшү зарыл. Биз күн сайын чогоолдукка, эктремизмге, жаңжал чыгаруу аракеттерине каршы туруп, аларды эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалашыбыз керек. Маселен, мага ушу кезге чейин биздин мыйзам сактоо кызматкерлерибиздин айрым салафи шейхтеринин Нарындагы Борбор Азия университетинин иши тууралуу билдирүүсүнө баа бербей келатканы түшүнүксүз. Эмне үчүн күн сайын дааватчылар тобу мына ушул “шииттердики” делинген окуу жайын өрттөп ийебиз деп коркутушат?

Кийинки жылдары биздин мыйзам сактоо органдар менен атайын кызматтар гана эмне кыларын биле албай отурушкан жери жок, мамлекеттик-саясий жетекчиликтин, ошондой эле коомдук лидерлердин көбү алапайын таппай турушкан чагы. Көпчүлүк саясатчылар мамлекеттик приоритеттерди биринин артынан экинчисин өткөрүп, Жакынкы Чыгыш борборлорунан келчү акчага азгырылып, салафилер арасында калп болсо да өтүмдүү болуу максатында аягын ойлонбой диний картага кирип кетишти. Бул жерде бир кездеги айылдык физика мугалиминин аракетин айткым келип турат, мечитке барып намазга жыгылбашын айтып келаткан ал инсан шайлоо алдында эл алдында намаз окуп, өзү башкарган прогрессивдүү партияга белгилүү диний ишмерди тартты.

Конституциялык карама-каршылыктуу өзгөрүүлөрдү талкуу учурунда жарандыктан ажыратуу чарасы эл аралык террорчуларды жазалоонун акыркы аргасы экени айтылды. Бирок да, светтик Кыргызстандын паспортунан ажырап калуу бул жихадчыларды анчалык деле капалантпайт. Террорчулукка каршы катаал чаралар, эң оор жазалар каралышы керек.

Террорчулукка каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүүнүн тажрыйбасын, ошол эле Израилдин аракетин үйрөнүү, иликтөө учуру келди. Бул жаатта Орусиянын Түндүк Кавказдагы экстремизмге каршы туруу тажрыйбасын колдонуу деле керек. Ар бир болочок жанкечти катаал кылмыш жоопкерчилигине “көмөктөшүү” беренеси менен үй-бүлөсүнүн бойго жеткен мүчөлөрүнүн баары, ошондой эле жергиликтүү жамаат менен тайпанын мүчөлөрү да тартыларын билиши керек. Жанкечтиликтин аркасы менен бейишке эрте чыккысы келген террорчу ал жашаган үй менен жакын туугандарынын үйү сүрдүрүлүп, жазадан калган үй-бүлө мүчөлөрү, эркиндиктеги жакындары башка жакка көчүрүлүп, жерине кайра кайткыс болушарын калаба салыштан мурун эстеши абзел.

Жок, мен болорун айтып жатам. Террорду токтотуш керек же болбосо биздин шартта аны катаал чаралар менен тизгиндеш гана зарыл. Жанкечтиликке бурулуп калган болочок террорчу жалгыз өзү жазаланышынан эч чочубайт. Ал жазаны эңсейт. Сөз бул жерде жалпы жазалоо жайында гана болушу керек, үй-бүлөнүн ар-бир мүчөсү, жамаат, тууган-уруктар жанкечтиликке тартылган жакынын жаман ниетинен айнытууга аракет жасашы керек. Бул маселенин баасы барып-келип биздин коом үчүн тикелей маани-мазмунга эгедер: же биз түнкү клубдарда кайсы бир жанкечтинин огунан курман болобуз же биздин коопсуздугубузга бекем калканч болуп берчү катаал чаралар турат.

Жакынкы аралыкта экстремисттер менен күрөшкөн атайын кызматтарды кайрадан жаңылап, санын бир канча ирет көбөйтүү керек, бул ишти жер-жерлерде күчөтүш өзгөчө зарыл, ал жакка жаңы, жаманатты боло элек профессионал-мамлекетчилерди жөнөтүш керек. Ага кошуп ыкчам аскердик атайын түзүмдөрдү түзүү зарыл. Бизде эч кандай күч жок, колдоочулары күчтүү экстремисттерге алыбыз жетпейт дегенди токтотуш зарыл. Азезил башын бийик көтөрө электе кыя чабыш керек.

Биз эл аралык террорчулукка каршы турган дүйнөлүк фронттун алдыңкы четинде турабыз. Бизге каршы советтик фильмдердеги чаласабат молдолор турган жок, миллиарддаган байлыкка ээ кубаттуу эл аралык күчтөр турат. Азырынча анын мамлекетибизди ичтен иритчү планы иштөөдө. Биз кыйладан бери бейгам жашап келдик. Эми деле кеч эмес – жашаган үйүбүздү коргош үчүн бейгамдыкты таштап ойгонушубуз абзел. Ыкчам жана чечкиндүү чаралар менен гана бизди четтен келген баскынчылардан жана жихадга үмүт арткандардан келечегибизди коргоп калабыз.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер

Булак: Азаттык